Килемдей жайылган акча... Токой чарбанын башчысы 5 млн. сом пара менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Опузалап пара талап кылууга шектелип Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Анда 1-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө токой чарбанын башчысы М.О.Б "Алтын Белги" ЖЧКсынын Ж.у.А аттуу директорунан беш миллион сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат.
"М.О.Б. өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чаткал районундагы Чоң-Жайык тилкесинде алтын казган ишкананы опузалап, айтылган сумманы бербесе мүлкү камакка алынарын, мамлекеттик органдар аркылуу жасалма тоскоолдуктар болорун айтып коркуткан", — деп айтылат кабарда.
Шектүү тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Опузалап пара талап кылган. Ленин районунун дагы эки салыкчысы кармалды