Кытай АКШнын фашизм менен кармашын баалабай жатат. Трамптын өкүтү

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп фашизмдин жеңилгенин белгилеген ири салтанатта Американын фашизмге каршы күрөшүнө Пекиндин берген баасына канааттанбай калганын билдириген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ага Польшанын президенти Кароль Навроцкий менен Ак үйдө жолугуп жатканда суроо беришкен.
"Биз Кытайга эркиндик жаатында абдан көп көмөктөштүк. Бирок, менимче (балким жаңылып жаткандырмын), Кытай АКШга бул жардам үчүн жетиштүү ыраазылыгын билдирген жок. Төрага Си Цзиньпин менин досум, бирок айткандарына таң калдым. Ал сүйлөп жатканда кебине АКШны кошушу керек болчу", — деген Трамп.
Анткен менен иш-чарага таасирленгенин, жакшы өткөнүн жашырган эмес.
"Салтанат жакшы болду, көңүлүмө толду. Алар мени көрөт деген үмүттө жасаганын түшүнүп турат. Мен көрүп отурдум", — деген америкалык лидер.
Эске салсак, Пекинде ири аскердик парад өттү. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана милитаристтик Япониянын жеңилгендигинин 80 жылдыгына арналды. Бул ири салтанатка 26 мамлекеттин лидерлери катышты.
Батышта Путиндин Си Цзиньпин, Ким Чен Ын менен жолукканы көп сөздүн башы болууда