Батышта Путиндин Си Цзиньпин, Ким Чен Ын менен жолукканы көп сөздүн башы болууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россия, Кытай жана Түндүк Кореянын лидерлери — Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын үчөө тарыхта биринчи ирет жолукканы чоң окуя болду, ал тургай Пекиндеги ири парадды да көлөкөдө калтырышы мүмкүн. Бул туурасында Guardian басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Си, Путин жана Кимдин жолугушуусуна абдан чоң маани берилди, ал Кытайдын көчөлөрүндө өткөн масштабдуу аскердик парадды да көлөкөдө калтырчудай болду", — деп айтылат макалада.
Басылма жолугушуунун жыйынтыгы азырынча белгисиз болгону менен АКШ, Британия, Япония жана Түштүк Кореяны кошкондо бир топ мамлекеттин лидерлери ага бир жагынан кызыгып, бир жагынан кооптонуп байкоо салып турганын жазды.
"Андыктан бул окуя Трамптын (АКШ президенти — ред. ) жана Батыштын башка лидерлеринин көңүлүн бурушу ыктымал", — деп белгилеген Guardian.
2025-жылдын 3-сентябрында Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана союздаштардын милитаристтик Японияны жеңгендигинин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Ага РФ башчысы Путин жана 25 мамлекеттин лидерлери катышты. Коноктордун ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да болду.
Путин менен Ким Чен Ын Пекинде жолукту. Эмне кеп болду