БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Беларустун "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун "Эшелон-2025" машыгуусун Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков барып көрдү. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.
Машыгууда ыкчам күчтөр үчүн жабдыктарды, жүктөрдү жеткирүү, колонналарды дрондордон коргоо аракеттери көрсөтүлдү. Ошондой эле талаа шартындагы башкаруу пунктуларын жашыруунун ыкмалары жана тылдагы кызматтардын жаңы үлгүлөрү сунушталды.
Учурда Беларусь аймагында өтүп жаткан "Взаимодействие — 2025", "Поиск — 2025" жана "Эшелон — 2025" машыгууларына уюмга мүчө өлкөлөрдөн 2000ден ашуун жоокер жана 450гө жакын техника катышууда.