Жогорку Кеңеште альпинизмди жолго салган мыйзам долбоору сунушталды. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 6000 метрден бийик чокуга чыгуучулар үчүн "Альпинизм жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталды.
Документти Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев демилгелеген.
"Кыргызстанда альпинизм жана тоо туризми активдүү өнүгүп жатат. Бирок буга карабастан ушул убакка чейин альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар жетишсиз. Бул нерсе коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана пермит алуу маселелеринде укуктук боштукту жаратууда", — деп айтылат долбоордо.
Депутат альпинисттер мамлекеттен пермит (атайын уруксат кагаз) алышы керек деп эсептейт.
"Пермит берүүдөн түшкөн каражат инфратүзүмдү (тоо лагерлерин, жалгыз аяк жолдорду, байланыш тутумдарын) өнүктүрүүгө, куткаруу операцияларын каржылоого жана табигый аймактарды коргоого жумшалышы мүмкүн. Бул тоо табиятын сактоого түздөн-түз салым кошкон туруктуу модель болот. Альпинисттер таштандысын утилизациялоо үчүн чогултуп, ылдый ала түшүүгө да милдеттендирилет", — деп айтылат документтин негиздемесинде.
Мындан тышкары, 6000 метрден ашкан чокуларга чыгууга алына турган пермит чукул кырдаалдарда ыкчам чара көрүүгө жол ачары белгиленди. Бардык чыгымдар камсыздандыруу системасы аркылуу жабылат.
Белгилей кетсек, соңку учурда чокуларга чыгууга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтыла баштады. Буга альпинист Наталья Наговицынанын окуясы түрткү болду. l
Песков: кыргыз тарап Наговицынаны куткаруу үчүн колдон келген аракетин кылды