Кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иштери кандай жүрүп жатат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик-техникалык жактан жабдуу боюнча пландуу иштерди улантууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, иш-чаралар чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча комплекстүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана чек араларды көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. 2025-жылдын 2-сентябрына карата 79,5 чакырым ар кандай түрдөгү зымдар тосулуп, 84,6 чакырым металл мамылар орнотулуп, 56,4 чакырым "Егоза" тосмолору жана 22,5 чакырым тикенек зым тартылып, 511 метр 3D тосмо коюлган. 106,5 чакырым чек ара жолу курулду.
Белгиленгендей, иштер мамлекеттик чек араны кайтарууну инженердик жактан камсыздоо алкагында жүргүзүлүүдө, бул чек ара коопсуздугу системасындагы эң маанилүү компоненттердин бири болуп саналат.
Мамиле бекемдейт! Жапаров менен Рахмон кеңейтилген форматта баарлашты