Көлдө ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар министрлеринин жыйыны өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар министрлеринин XVI жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев төрагалык кылууда.
Координациялык кеңештин аянтчасына ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков келди. Андан сырткары, Беларустун, Казакстандын ӨКМ жетекчилери Вадим Синявский, Чингис Аринов, РФтин жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын жана анын кесепетин жоюу министри Александр Куренков, Тажикстандын Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Ражабали Рахмонали катышууда.
Жыйында өзгөчө кырдаалда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу максатында ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралды. ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы талкууланууда.
Мындан тышкары, жыйындын күн тартибинде ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрүнүн катышуусунда "Скала-2026" атайын машыгуусуна даярдык көрүү каралды.
Ажикеев бүгүнкү жолугушуу биримдиктин жана азыркы заманда чыккан көйгөйлөргө биргелешип жооп кайтарууга, уюмга мүчө өлкөлөрдүн элинин коопсуздугун камсыз кылууга даяр болуунун ачык мисалы экенин айтты.
Министр кооптуу инфекциянын жайылышына өлкө кандай даярданганын айтып берди