Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорт оюндары өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде "Азия — достуктун жана тынчтыктын аймагы" деген ураан алдында КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн XXIV эл аралык спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оюндар 4-12-сентябрь аралыгында өтөт. Бүгүн Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Беларустан келген спорт сүйүүчүлөрү келип жатат. Мындан тышкары, Кытай, Индия, Монголиядан да акыркы жылдары спортчулар көп катыша баштаганы белгиленди.
"Оюндардын программасына салттуу жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер киргизилген. Спорт ышкыбоздору армрестлинг, стритбол, волейбол, гиря спорту, дартс, жеңил атлетика, мини-футбол, мас-рестлинг, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, пляж футболу жана волейболу, пляж регби, самбо жана пляж күрөшү, сумо, бел боо жана алыш күрөшү, эркектер жана аялдар арасында жеңил атлетикалык чуркоо боюнча күч сынашат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган оюндар 2001-жылдан бери уюштурулуп келет. Алгач ага болгону 80 спортчу катышса, бүгүн 3000ден ашык спортчу ат салышууда. Мелдеш Борбор Азиядагы эң ири масштабдуу спорттук иш-чарага айланып, КМШнын мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен өтүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстандык футболчулар палестиналыктарды жеңип алды. Видео