БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, темирди кайра эритүү үчүн даярдалган шихт куймаларын өлкө аймагынан сыртка ташып чыгууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.
Маалыматта аталган токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирери айтылган. Андан үч күн өткөндөн кийин чектөө мөөнөтү иштеп баштайт жана алты айга созулат.
Мындай чектөө ата мекендик металлургиянын чийки зат базасын чыңдоо үчүн киргизилгени белгиленген.