БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы "Дем ал" коттедж шаарчасынын алдындагы жер мыйзамсыз менчикке чыгарылган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коррупцияга шектелип, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы бөлүм башчысы Т.А.К. кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал "Дем ал" айыл чарба кооперативин түзүүнү демилгелегендердин бири болгон жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат баалуу жерлерге жеке менчик укугун мыйзамсыз жол-жоболоштурууга активдүү катышкан. Участоктун аянты — 4,5 гектар.
"Т. А. К. кызыкдар кызмат адамдарынын колдоосу менен жасалма документтерди колдонуп мамлекеттик жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүүгө негиз болгон аракеттерди жасаган", — деди атайын кызмат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө жүрүп жатат.