БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү үчүн имарат жана кызматкерлерге батирлерди сатып алууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин элчилик отурган имараттар жана кызматкерлер жашаган жайлар ижарага алынып, ага өлкө бюджетинен сезилерлик каражат сарпталып келген.
Маалыматка ылайык, төмөнкүлөр сатып алынган:
Венгрия, Франция жана Кореядагы дипкорпус менчик имаратка көчкөн;
БУУдагы туруктуу өкүлчүлүк үчүн Нью-Йорк шаарынан резиденция жана кызматкерлерге төрт батир алынган;
Германиядагы дипломаттар үчүн төрт кызматтык батир жана Россиянын Новосибирск шаарындагы башкы консулдукка да менчик батир алынган;
АКШ жана Канададагы элчиликтин кызматкерлерине да төрт кызматтык батир алынган.
"Элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500-4500 долларга чейин коротуп келишкен. Европада кеңсени ижарага алуу 5000-6500 еврого чейин чыгат. Эми мамлекет ижара үчүн акча коротпойт. Имарат жана батир алганга кеткен акча бир канча жылда эле өзүн актап коет", — деп жазган Алагөзов.
Ал учурда Швейцария жана Австриядагы элчиликке кеңсе алып берүү боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи.