Asman Airlines авиакомпаниясы Нарын шаарына алгачкы жүргүнчүлөрүн жеткирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Нарын шаарына алгачкы жүргүнчүлөрүн жеткирди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.
Нарын шаарындагы аба майданы 8-сентябрь күнү оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылганы турат. Ага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө.
"Бүгүнкү каттам борбор шаар менен Тянь-Шань тоолорунун жүрөгүн бириктирип, мекенибиздин канатынын кайра жаралышынын символу болуп калды", — деп жазды "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Эске салсак, Нарын шаарындагы аэропорт өткөн кылымдын 30-жылдарында салынган. 1999-жылдан кийин ишин токтотуп, жараксыз болуп калган. Реконструкциянын алкагында аэробекеттин имараты жаңыдан салынып, учуп-конуу тилкеси баштан-аяк жасалды. Ага салмагы 22 тоннага чейинки учактар жана тик учактын бардык түрү консо болот. Күндүзгү мезгилде иштейт.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына алынган үчүнчү учак өлкөгө келди. Видео