5-сентябрга карата аба ырайы

5-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы кайтып, күздүн илеби сезилет. Сентябрга карата аба ырайы