Күчтүү иммунитет, туура режим жана психологиялык даярдык – мектепке кадам таштаган ар бир балага шарт

Sputnik
Программада балдарды мектепке даярдоодогу эң маанилүү жагдайлар, саламаттыкты алдын ала текшерүүнүн зарылдыгы жана ата-энелер эмнелерге көңүл бурушу керектиги тууралуу кеңири сөз болду.
Диляра Искакова баланын жалпы медициналык кароосунан баштап, көрүү, угуу, тиштердин абалы, эмдөөлөрдүн толуктугу, туура тамактануу жана күн тартибин сактоо маселелерине токтолду. Ошондой эле психологиялык даярдыкка, баланын көңүл топтой билүүсүнө жана мектеп жашоосуна болгон даярдыгына да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Маекте коногубуз ата-энелерге кайрылып, баланы өз убагында дарыгерге көрсөтүү, керектүү адистердин кеңешин алуу, туура режим менен тарбиялоонун маанисин баса белгиледи. “Ден соолугу чың, эс алуусу жетиштүү жана эмоционалдык жактан даяр бала мектепти ийгиликтүү баштайт”, — деди Диляра Искакова.