Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо — кайсы негизги көйгөйлөр чечилүүдө?

Sputnik
2025-2026-окуу жылында өлкөдө мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 744 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу "Окуу китеби" мамлекеттик басма үйүнүн жетекчиси Төлөгөн Аматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул максатка болгону 120–180 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келген. Ошондой эле билим берүү мекемелеринен китептердин так эсеби берилбегендиктен, жетишсиздик маселеси жаралган. Азыркы тапта бул көйгөйлөрдү чечүү, методикалык материалдарды жаңылоо жана мектеп китепканаларынын абалын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат. Төлөгөн Аматов мындан тышкары, Россиянын "Просвещение" компаниясы менен кызматташтык тууралуу да айтып берди.