Өлкөдө мындан ары мамлекеттик жана муниципалдыккызматтарды алуу үчүн документтердин көчүрмөсүн нотариустан тастыктоо талабыжоюлат. Тагыраагы документтин түп нускасын көрсөтүп эле, көчүрмөнү жеринде бекемдөө жетиштүү болот. Мунун максаты жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөө ошондой эле бюрократияны кыскартып, мамлекеттик кызматтарды тез, жеткиликтүү кылууга багытталган. Бирок бул бардык документтерге тиешелүү эмес. Мурас боюнча документтер, мүлк менен байланышкан келишимдер, ишеним каттар жана башка укуктук маанилүү документтерде нотариалдык тастыктоо талап кылынарын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Индира Шаршенова айтып берди.