БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын бөлүм башчысы жана башкы тескөөчүсү пара алды деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына таянсак, опузалап пара талап кылуу фактысы менен иш козголуп, аны аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында бөлүм башчы Т.У.Х. жана бөлүмдүн башкы тескөөчүсү О.У.Ж акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Шектүүлөр 100 миң сом талап кылып, анын тең жарымын алып жатканы айтылат.
"Аталган кызмат адамдары УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Фискалдык жана башка органдардагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралар мындан ары да уланат", — деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ күнү да Бишкектин аталган районундагы Салык кызматынын дагы бир бөлүм башчысы системалуу түрдө пара алып, салыктан качууга жол берген коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалган болчу.