Владивостокто Чыгыш экономикалык форуму башталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Владивостоктун (Россия) Русский деп аталган аралында X Чыгыш экономикалык форуму (ВЭФ-2025) башталды.
ВЭФ-2025 6-сентябрга чейин Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталат.
Жетимиштен ашык мамлекет менен аймактардын өкүлдөрү форумга келерин тастыкташкан. Вьетнамдын, Индиянын, Кытайдын, Лаостун, Малайзиянын жана Таиланддын делегациялары өзгөчө болуп катышмакчы.
Былтыркы форумга 75 мамлекеттен 7,1 миң адам катышкан. Алардын ичинде Россия менен достук мамиледе болбогон Австралиядан, Улуу Британиядан, Германиядан, АКШдан, Франциядан, Швейцариядан жана Япониядан келген.
РФтин Ырааккы Чыгышты жана Артиканы өнүктүрүү министрлиги (Минвостокразвития) юбилейлик форумда былтыркыга салыштырмалуу кол коюлган макулдашуулар көп болорун болжолдоп жатат. Өткөн жылы жалпы суммасы 5,5 триллион рублден ашкан 313 келишим түзүлүп, анын ичинде 27 келишим чет өлкөлүк уюмдар менен түзүлгөн.
Сариев: Россия экономикасы — океан, элинин сатып алуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору