Эч ким ойлогон да эмес. Кремль Трамптын "кутум" боюнча айыптоосуна жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россия, Кытай жана Түндүк Корея лидерлеринин АКШга каршы кутум уюштуруу боюнча ою да болгон эмес. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчынын жардамчысы АКШ президенти Дональд Трамптын Truth социалдык түйүнүнө жазган Россияны, Кытай жана Түндүк Кореяны Америкага каршы "кутум" уюштурууга айыптаган билдирүүсүнө дал ушундай жооп берген.
"Бирөө бир нерсе токуп, эч ким эч кандай кутум уюштурган жок. Анын үстүнө лидерлер бул тууралуу ойлонгон да эмес", — деп белгилеген Ушаков.
Ал АКШ президенти мындай билдирүүнү азил-чыны аралаш жазып койгон болушу ыктымал экенин айтты. Ошондой эле Ак үй жана Трамп өзү азыркы эл аралык кырдаалда кандай роль ойной турганын баары түшүнөрүн кошумчалаган.
Бүгүн Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана союздаштардын милитаристтик Японияны жеңгендигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Анын алкагында Тяньаньмэнь аянтында ири аскердик парад болду.
Салтанаттуу жүрүшкө миңдеген кытай аскерлери, жүздөн ашык учак жана оор техника тартылды. Аны көрүү үчүн жыйырмадан ашык мамлекеттин лидерлери Пекинге чогулган. Алардын ичинде Владимир Путин менен Садыр Жапаров да бар.
Путин менен Ким Чен Ын Пекинде жолукту. Эмне кеп болду