Жайыт жерге курулган. УКМК "Кара-Булак" эс алуу жайынын ээсин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайыт жерге коммерциялык объектилерди куруп алган деген шек менен "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Э.Ш.Ж аттуу жаран Аламүдүн районунун Арашан айылындагы 6,1 гектар болгон жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Ал жакка 15 конок үй, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, кабиналар, беседкалар жана башка чарбалык курулуштар салынган. Андан тышкары, учурда үч кабаттуу имарат курулуп жаткан.
1 / 2

УКМК Э.Ш.Ж Аламүдүндө Арашан айылындагы 6,1 гектар болгон жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алганын билдирди

2 / 2

Ал жакка 15 конок үй, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, кабиналар, беседкалар курулган

"Аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери алынбастан курулган. Жер тилкеси трансформацияланган эмес жана кадастрлык органдарда каттоого алынбаганы аныкталды. Бул аракет жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам 1-сентябрь күнү аталган эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле башка шериктерин жана мыйзамсыз ишке тиешеси болгон кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө уланып жатканы кошумчаланды.
5 миң доллар пара. УКМК райондук салык кызматынын бөлүм башчысын кармады