Славян университеттери ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн мыкты аналитиктерди кантип даярдайт?

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бардык славян университеттери аналитикалык ишмердүүлүккө жакшы көңүл буруп, активдүү катышып, иш-чараларды уюштурушат. Бул тууралуу Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин россиялык-улуттук (биргелешкен) университеттер боюнча атайын өкүлү Николай Кудрявцев билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборундагы "Евразиялык интеллектуалдык технологиялар аналитика тармагында" аттуу видео көпүрөдө сүйлөдү.
Кудрявцевдин айтымында, Кыргызстанда россиялыктардын катышуусунда төрт жогорку окуу жайы иштейт.
“Аналитикалык ишмердүүлүккө бизде мугалимдер гана эмес, студенттер да активдүү катышат, анткени келечек жаштардын колунда. Жаштар бул процесске канчалык көп тартылса, эртең ошончо жетилген аналитиктер пайда болот. КРСУда Стратегиялык анализ жана болжолдоо институту бар. Ал олуттуу аналитикалык материалдарды чыгарат жана негизги иш-чараларга катышат. Албетте, алдыга дагы да умтулуу керек жана биз Бишкектеги Евразиялык аналитикалык форумда дал ушул жөнүндө сүйлөшөбүз”, — деди Кудрявцев.
КРСУнун экономика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, "Ысык-Көл – Чоң Евразия" эл аралык жаштар аналитикалык клубунун директору Айнура Кочербаева Евразиялык аналитикалык форум жана Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жөн гана талкуу аянтчалары эмес, практикага багытталган билим берүү моделинин маанилүү бөлүгү болуп калганын белгиледи.
“Форум менен конгресстин форматтарын окуу процессине атайын киргизип жатабыз. Биздин студенттер, магистранттар жана аспиранттар жөн гана угуучулар эмес, алар аналитикалык стратегиялык сессиялардын толук кандуу катышуучулары болуп саналат. Алар үчүн Евразиянын мамлекеттик органдарынын жана аналитикалык борборлорунун алдыңкы эксперттеринен жана практиктеринен пикир алууга, ошондой эле конгресстин жыйнактарында жана Кыргызстанда да, Россияда да алдыңкы илимий журналдарда өзүнүн аналитикалык иштерин жарыялоого уникалдуу мүмкүнчүлүк бар”, — деди Кочербаева.
Евразиялык аналитикалык форум 9-12-сентябрда Бишкек шаарында өтөт.
КРСУнун ректору университет тууралуу маанилүү билдирүү жасады