БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Системалуу түрдө пара алып, салыктан качууга жол берген коррупциялык схема түзүүгө шектелип Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, райондук салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары дайыма пара алып турган факт аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен макулдашып, салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерди иштеп чыгышкан.
"Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча бөлүмүнүн башчысы А.Т.Т. аттуу жарандын акча каражатын алган бир топ фактылары аныкталды. Мындан тышкары, ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору Ж.Д көрсөтмө берип, A.T.T салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн юридикалык тараптын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алганы билинди", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында бөлүм башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча жумуш уланып жатат.