Путин менен Ким Чен Ын Пекинде жолукту. Эмне кеп болду

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын Кытайда жолукту.
РИА Новости диалог жылуу маанайда өткөнүн, РФ лидери эки тараптуу алака өзгөчө экендигинин белгилегенин жазды.
"Биздин мамлекеттер нацизм, фашизм жана милитаризмге каршы күрөшкө бирге катышты. Сиздердин Куралдуу күчтөр жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү тарткан жоготууну эч качан унутпайбыз. Россия элинин атынан бул азыркы неонацизмге каршы биргелешкен күрөшкө кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдиргим келет", — деген Путин.
РФ президенти түндүк кореялык жоокерлердин Курскини бошотуу операциясына катышкандыгын эске салды.
"Сиз демилге көтөрүп, армияңыздардын атайын даярдыктагы бөлүктөрү Курскини бошотууга катышты. Бул биздин жаңы келишимдин негизинде болду", — деген Путин.
Ал Ким Чен Ынга Түндүк Кореянын жалпы элине жылуу сөзүн, ыраазылыгын айтып коюуну өтүнгөн. Путин Ким Чен Ын менен көзмө-көз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жаралгандыгына канааттанганын айткан.
Ким Чен Ын россиялыктарды "боордош эл" деп атап, РФ көмөктөшүүнү сураса сөзсүз жардам кыларын, Корей армиясынын Курскини бошотуудагы иштерин Путиндин жогору баалаганына да ырахматын айткан.
Ал Москва — Пхеньян алакасы 2024-жылдын июнунда кол коюлган мамлекет аралык келишимден кийин ар кыл багытта өнүгө баштагандыгын белгилеген.
"Былтыр июнда мамлекет аралык келишим түзүлгөндөн кийин биздин мамлекеттердин ортосундагы алака-катнаш бардык тармактарда өнүгө баштады", — деген түндүк кореялык лидер.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ким Чен Ын Курскини бошотууга катышкан аскерлерин сыйлады. Сүрөт