КР олимпиадалык футбол командасы палестиналыктарды колдогон акция өткөрөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын олимпиадалык футбол курама командасы Палестина элин колдоо акциясын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Бүгүн Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Азия кубогу U-23түн тандоо туруна катышат. Биринчи оюн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Анда ата мекендик команда Палестинанын курама командасы менен беттешет.
"Палестина эли оор күндөрдү башынан кечирип жаткандыгына байланыштуу аларга тилектештик билдирүү максатында Кыргыз футбол союзу бүгүнкү Палестина — Кыргызстан беттешинин алдында колдоо акциясын өткөрөт. Оюнчулар тынчтыкты жана колдоону билдирген ак тасмаларды тагынып чыгышат", — дешти КФСтен.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндарына футболчулары 23 жашка чейинки олимпиадалык командалардын арасында 44 курама 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандык оюнчулар Е тайпасына кирип, Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка командалары менен беттешет.
ЖМК: Израиль Газага чабуулун баштады