КРСУнун ректору университет тууралуу маанилүү билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунун алкагында университеттин өнүгүшү жана Кыргызстандагы орус тилинин ролу тууралуу айтып берди.
Ал белгилегендей, КРСУ россиялык билим берүү структуралары менен активдүү кызматташат жана жакында эле россия-кыргыз медиафорумун өткөргөн. Экологиялык таза райондо университеттин кампусун куруу пландалууда.
"Азыркы тапта кыргыз тарап жер тилкеси боюнча маселени чечип жатат. Жаңы кампус экологиялык таза аймакта жайгашып, шаар ичиндеги шаарча болот. Студенттик турак жайдын алгачкы чарчы метрлерин 2028-жылы бүткөрүү пландалууда. Биз жаңы кампусту курууга студенттердин, анын ичинде Россиядан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин активдүү катышуусун каалайбыз. Казакстандык студенттерден долбоорго катышуу боюнча билдирүү түштү. Студенттер үчүн үйдү алар менен бирге кургубуз келет", — деди Волков.
Ректор КРСУда жакында бала бакча да ачыларын айтты. Мындан тышкары, өлкөдө билим берүү жана илим үчүн орус тилинин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Орус тили – инженерлердин жана илимдин тили, ансыз биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн эмес. Жогорку окуу жайда Орус тили институту иштейт, анда окуу куралдары менен китептер чыгарылат. Кээ бир адистиктерге бир орун үчүн 26 адамга чейин ат салышат. Мындан улам учурда жогорку окуу жайдагы кайсы багыттарды калтырып, кайсыларын трансформациялоо керектиги талданууда", — деди ректор.
ВЭФ — 2025 иш-чарасы 6-сентябрга чейин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Бул жылы иш-чара "Ыраакы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташуу" темасына арналган.
КРСУда болочоктогу мугалимдерге стипендия төлөнөрүн айтышты