БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калааны Манас деп атоого макулдугун беришти. Бул тууралуу калаа мэри Эрнисбек Ормокеев Sputnik агенттигине билдирди.
Айтымында, мындай сунушту ал өзү берип, шаардык кеңештин депутаттары демилгени колдоп беришкен.
"Жалал-Абад шаарынын аталышынын илимий түшүндүрмөсү жок. Тарыхчылар деле, илимпоздор деле уламыштардын негизинде айтып жүрүшөт. Ошол себептен Манас деп өзгөртөлү деп жатабыз", — деди шаар мэри.
Процедура боюнча сунуш коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңеште үч окууда каралат. Колдоо тапса президентке жиберилет.