Радио

Спорт дарыгери кантип туура чуркоо керектигин түшүндүрдү

Реабилитолог жана спорттук дарыгер Жаңылмырза Бакиридин кызы чуркоонун ден соолукка тийгизген пайдасы менен зыяндары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Чуркоо — бул ден соолук үчүн эң жеткиликтүү жана натыйжалуу физикалык активдүүлүктүн түрү. Ал жүрөк-кан тамыр системасын чыңдайт, өпкөнүн ишин жакшыртып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Мындан тышкары, стресс гормондорун азайтып, маанайды көтөрүүчү эндорфиндерди бөлүп чыгарат. Бул тууралуу Жаңылмырза Бакиридин кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/Radio/ эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чуркоону басып баштаган дурус.
"Алгач акырындык менен денени чуркоого даярдоо кажет. Башталганда эле 5-10 чакырымдан чуркап баштасак, жаракат алуу коркунучу жогору болот. Жаңыдан чуркай баштагандар чуркоо-басуу ыкмасын колдонушу керек. Мисалы, үч мүнөт чуркап, алты мүнөт басуу менен организмди көндүрүү абзел. Ошондой эле жеңил көнүгүүлөрдү жасап, сөзсүз денени жибитиңиз. Анткени туура эмес ыкма, ашыкча күч келтирүү же ыңгайсыз бут кийим муундарга жана омурткага зыян тийгизиши мүмкүн. Чуркоону акырындык менен токтотуу да абдан маанилүү. Дароо отурууну сунуштабайм. Мында жаш курак өзгөчөлүктөрүнө да көңүл буруу зарыл. Айрыкча 35 жаштан жогору адамдар чуркагандан мурун дарыгерге, тактап айтканда, кардиологго кайрылып, жүрөк-кан тамыр системасын текшертип алышы керек", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле күн сайын чуркоо зарыл эместигин жана жумасына 3-4 жолу машыгуу жетиштүү болорун кошумчалады.