Трос үзүлгөн эмес. Бишкектеги лифт окуясы боюнча компания жооп берди

Sputnik
Бишкектеги Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак үйлөрдүн биринде лифт кулап, бир киши жабыркаган окуяга аны орноткон компания комментарий берди.
Sky Industrial Group компаниясынын техникалык директору Максат Абдрахманов окуя электр тармагындагы чыңалуудан улам болгонун билдирди.
"Лифт өйдө жактан ылдый түшүп келе жатканда электр энергиясындагы чыңалуудан улам башкаруу блогу коргонууга өтүп, лифт токтоп калган. Адистер келип толук текшеришти, лифттин техникалык абалы жакшы. Трос үзүлүп кетти деген кептер тарап жатат, бирок темир аркан жаңы болгондуктан андай болушу мүмкүн эмес", — деди ал.
Эске салсак, кечээ Маликов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө лифт кулап, 29 жаштагы адам реанимацияга түшкөн. Анда лифттин тросу үзүлүп кеткени айтылган болчу. https://sputnik.kg/20250902/bishkek-lift-kishi-zhabyrkady-1096263696.html
Бишкектин чок ортосундагы мыйзамсыз курулуштар. Прокуратура иш козгоду