4-сентябрга карата аба ырайы

4-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын бардык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Нарын облусунда 27…32, Талас өрөөнүндө 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл жеринде 20…25 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте 30…32, Ош шаарында 32…34 градус болуп ысыйт.
Жалал-Абад шаардык кеңеши калааны Манас деп атоону колдоду