Ички иштер министрлиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, алкоголдук ичимдик ичип, баңгизаттарды же башка мас кылуучу нерселерди колдонуп унаа башкаргандарга карата жазаны катаалдаштыруу каралууда. Негизги өзгөрүүлөр боюнча ичимдик ичип машина башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратылат; эгерде мас абалда кырсыкка кабылып, адамга залал келтирсе, пробациялык көзөмөл колдонулбайт. Ошондой эле күнөөлүүлөр жабырлануучу менен өз ара жарашып алса да жоопкерчиликтен кутулбайт; айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса үч суткага камоонун ордуна айдоочулук күбөлүктөн эки жылга ажыратылат. Эгер документи жок болсо 15 суткага камалат; жол кырсыгынан киши каза болсо айдоочулук укугунан ажыратылып, 20-50 миң сом айып салынат. Ошондой эле кылмыштын оордугуна жараша 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Министрлик мындай демилге менен жол кырсыктарынын санын жана анын кесепетинен улам катталган адам өлүмүн азайтууну көздөөдө.
Бишкектеги Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак үйлөрдүн биринде лифт кулап, бир киши жабыркаган окуяга аны орноткон компания комментарий берди. Sky Industrial Group компаниясынын техникалык директору Максат Абдрахманов окуя электр тармагындагы чыңалуудан улам болгонун билдирди. "Лифт өйдө жактан ылдый түшүп келе жатканда электр энергиясындагы чыңалуудан улам башкаруу блогу коргонууга өтүп, лифт токтоп калган. Адистер келип толук текшеришти, лифттин техникалык абалы жакшы. Трос үзүлүп кетти деген кептер тарап жатат, бирок темир аркан жаңы болгондуктан андай болушу мүмкүн эмес", — деди ал. Эске салсак, кечээ Маликов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө лифт кулап, 29 жаштагы адам реанимацияга түшкөн. Анда лифттин тросу үзүлүп кеткени айтылган болчу.
Ош облусунда "Ала-Тоо" породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстандан келген өкүлдөр катышат. Ошондой эле "Ала-Тоо" породасындагы койлорду баккан бардык фермерлер катыша алышат. Иш-чаранын жалпы байгеси 3 миллион сом экендиги кошумчаланды.
Россия, Кытай жана Түндүк Корея лидерлеринин АКШга каршы кутум уюштуруу боюнча ою да болгон эмес. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге билдиргенин РИА Новости жазды. "Бирөө бир нерсе токуп, эч ким эч кандай кутум уюштурган жок. Анын үстүнө лидерлер бул тууралуу ойлонгон да эмес", — деп белгилеген Ушаков. Ал АКШ президенти мындай билдирүүнү азил-чыны аралаш жазып койгон болушу ыктымал экенин айтты. Ошондой эле Ак үй жана Трамп өзү азыркы эл аралык кырдаалда кандай роль ойной турганын баары түшүнөрүн кошумчалаган.