2026-жылдан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектер жана медициналык каражаттар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталып, атайын күбөлүккө ээ болгондон кийин гана сатыкка чыгарылат. Ага чейин башка өлкөрдүн улуттук каттоо күбөлүктөрү жарактуу болуп кала берет. Бирок 2026-жылдан тарта дары-дармек рыногунда иш алып баруу үчүн биримдик тарабынан берилген каттоо күбөлүгү талап кылынат. Бул чаралар ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү, дары-дармектердин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө, ошондой эле жасалма продукциялардын алдын алуу максатын көздөйт. Реформа өлкөдөгү фармацевтикалык тармакка түз таасир тийгизет — өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар жаңы талаптарга ылайык кайра каттоо процедураларынан өтүүгө милдеттүү болорун программанын мейманы Саадат Сагындыкова билдирди.