Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калааны Манас деп атоого макулдугун беришти. Бул тууралуу калаа мэри Эрнисбек Ормокеев Sputnik агенттигине билдирди. Айтымында, мындай сунушту ал өзү берип, шаардык кеңештин депутаттары демилгени колдоп беришкен. "Жалал-Абад шаарынын аталышынын илимий түшүндүрмөсү жок. Тарыхчылар деле, илимпоздор деле уламыштардын негизинде айтып жүрүшөт. Ошол себептен Манас деп өзгөртөлү деп жатабыз", — деди шаар мэри. Процедура боюнча сунуш коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңеште үч окууда каралат. Колдоо тапса президентке жиберилет.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров биринчи кезектеги азык-түлүктөргө баанын чегин белгилөө демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, жакында Бишкекте биринчи "Евразия" аттуу социалдык дүкөн ачылды, бирок бул товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетишсиз. "Бүгүнкү күндө бир эле товардын баасы ар кайсы дүкөндөрдө ар кандай болуп жатат. Бир дүкөндө нан 30 сом болсо, экинчисинде 50 сомго чейин жетет. Мындай болбошу керек. Негизги азык-түлүк товарларына баага чек коюу зарыл. Мындай тажрыйба дарыканаларда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, ал жакта дарылардын баасын турукташтырууга мүмкүн болду. Ушундай ыкма бул жерде да керек", - деп белгиледи Абакиров. Депутат бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
Системалуу түрдө пара алып, салыктан качууга жол берген коррупциялык схема түзүүгө шектелип Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, райондук салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары дайыма пара алып турган факт аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен макулдашып, салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерди иштеп чыгышкан."Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча бөлүмүнүн башчысы А.Т.Т. аттуу жарандын акча каражатын алган бир топ фактылары аныкталды. Мындан тышкары, ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору көрсөтмө берип, A.T.T салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн юридикалык тараптын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алганы билинди", — деп айтылат билдирүүдө. Жыйынтыгында бөлүм башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча жумуш уланып жатат.
2-сентябрдан тартып «Узбекнефтегаз» компаниясы АИ-80 маркасындагы бензинди биржа аркылуу толугу менен сатууну токтотконун билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул кадам ички базарга сапаты жогору күйүүчү майды көбүрөөк сунуштоого багытталган. АИ-80дин ордуна АИ-92 бензининин көлөмү көбөйтүлдү. Мурун биржага болжол менен 1 миң тонна АИ-92 чыгарылса, азыр анын көлөмү 1 720 тоннага жетти. Зарыл болсо, суроо-талапка жараша мындан да көбөйтүлөрү айтылды. Ошондой эле «Узбекнефтегаз» август айында АИ-80 бензинин сатып алган кардарлар менен түзүлгөн келишимдер толук аткарылаарын, калган отун сентябрь ичинде жеткирилерин кошумчалады.