Жаңы окуу жылынын алдында балдар менен абитуриенттер сөзсүз түрдөмедициналык кароодон өтүшү керек. Бул алардын ден соолугун текшерип, окуу процессине даяр экенин аныктоо үчүн маанилүү. Мисалы, бала бакчага же мектепке жаңы барган балдар бул кароодон акысыз өтүшөт. Ал эми мектеп бүтүрүүчүлөрү, эгерде алар студент боло элек болсо, кароого кеткен чыгымды өздөрү төлөшөт.Ошондой эле, айрым учурларда рентгенография талап кылынса, ал 50% арзандатуу менен жүргүзүлөт. Бул тартип ар бир жарандын медициналык камсыздандыруу макамына жараша аныкталат. Деги эле медициналык камсыздандыруу деген эмне жана анын артыкчылыктары тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын текшерүү бөлүмүнүн башчысы Гульмира Черикова кеп кылды.