Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирди — кантип жеке өнөктөш болсо болот?

Sputnik
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин натыйжалуу ишке ашырылышы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык инфраструктуранын жакшыртылышына өбөлгө түзөт. Жакында Президент “Мамлекеттик мүлк жана МЖӨ жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Анда муниципалдык менчикти жеке өнөктөштөргө жер салыгы жана ижара акысы боюнча жеңилдиктер менен ижарага жана пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүктөрү да кеңейтилди. Ошондой эле 2022–2026-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилген. Алар кандай ишке ашып жатканын, өзгөрүүлөр тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун эксперттери Дастан Сабыров жана Нурбек Ибраимов маек курушту.