Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Жагымдуу бизнес-климат түзүү үчүн ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке ишкерлер юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же ишкерликтин түрлөрүн өзгөрткөндө бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айткан. "Бизнес өкүлдөрү салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече сааттык кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Ага кеткен убакытты алар ишкерлигин өнүктүрүүгө жумшашы керек", — деген Касымалиев. Мындан улам бардык жумушту "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу онлайн бүтүрүүгө шарт түзүүнү буюрду. Ал ишке ашса салык органына барбай эле кайра каттоо үчүн арыз толтуруп, керектүү документтерди тиркеп, бардык жумушту аралыктан бүтүрүүгө болот.
Бала бакчадагы билим берүүнүн сапатына пилоттук мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча, мониторингге Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Сокулук районундагы 15 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 300гө жакын баласы камтылат. Мониторинг “Алтын Казык” программасынын жана жалпы билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү иштеринин алкагында жүзөгө ашырылууда. Изилдөө мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан балдардын өнүгүүсү, билим алуусу жана коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан шарттарды объективдүү баалоо жана эл аралык методиканын Кыргызстандын шарттарына шайкештигин текшерүү максатын көздөйт.
Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ​​100 орундуу бала бакча курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, объекттин курулушуна 112 миллион 38 миң 300 сом бөлүү пландалууда. Имарат келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде курулууга тийиш. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 15-сентябрга чейин кабыл алынат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 44,3 пайызга чейин өстү. Жакынкы жылдарда бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максаты коюлган.
Бугун, Россиянын Владивосток шаарында юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму башталат жана ал расмий ВЭФ-2025 деп аталат."Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форуму жөн гана ишкерлер чогулуучу жай эмес, дүйнөлүк экономиканын жаңы багыттарын калыптандыруучу маанилүү аянтчага айланып бара жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн таасири Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдө гана эмес, жалпы дүйнөлүк саясий талаада да узак мөөнөттүү из калтырат", — деди "Россия сегодня" медиатобунун башкы директорунун орун басары, РФтин коопсуздук кеңешинин илимий-эксперттик кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Яковенко. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, форумга алты миң кишинин катышуусу күтүлүүдө. Быйыл форумга 70ке чукул өлкөдөн 4500дөн ашык ЖМК өкүлдөрү келет дешти. Ал эми 4-5-сентябрда форумга Россия президенти Владимир Путин катышмакчы.