Пекиндеги аскердик параддын кызыктуу ирмемдери

Sputnik
Пекинде ири аскердик парад өттү. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана милитаристтик Япониянын жеңилгендигинин 80 жылдыгына арналды. Sputnik фототүрмөк даярдап, параддан алынган көз ирмемдерди тартуулайт.
Салтанатка 26 мамлекеттин лидерлери катышты.
1 / 11

Дүйнөлүк маанидеги иш-чара Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында өттү

2 / 11

Салтанатка 26 мамлекеттин президенттери, өкмөт башчылары катышты

3 / 11

РФ президенти Владимир Путин параддын сыйлуу конокторунун бири болду

4 / 11
3 сентября 2025. Президент КР Садыр Жапаров перед совместным фотографирование глав иностранных делегаций, приглашенных на торжественные мероприятия по случаю 80-й годовщины Победы китайского народа в войне сопротивления Японии и окончания Второй мировой войны.
5 / 11

Тяньаньмэнь аянтынын үстүнөн алгач авиация учуп өттү

6 / 11

Авиациядан кийин кезек аскердик техникаларга келди

7 / 11

1949-жылы Кытай негизделгенден берки эң ири, миңден ашуун кишиден турган аскердик оркестр. Алар бүгүн аскердик тематикадагы классикалык чыгармаларды жана бул парад үчүн атайын жазылган музыкалык жаңы композицияларды аткарды.

8 / 11

Таасирдүү ирмемдердин бири. Асмандагы аскердик учак.

9 / 11

Параддан өтүп бара жаткан аскер кызматкерлери

10 / 11

Кытай армиясындагы кыз-келиндер. Алар бүгүнкү параддын көркүн чыгарды.

11 / 11

Тяньаньмэнь аянтын бир учурда аскердик авиатехникалар эмес, тынчтыктын жарчысы болгон көгүчкөндөр каптады