Эртең Владивостокто юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму башталат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эртең, 3-сентябрда, Россиянын Владивосток шаарында юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму башталып, расмий ВЭФ-2025 деп аталат.
"Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форуму жөн гана ишкерлер чогулуучу жай эмес, дүйнөлүк экономиканын жаңы багыттарын калыптандыруучу маанилүү аянтчага айланып бара жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн таасири Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдө гана эмес, жалпы дүйнөлүк саясий талаада да узак мөөнөттүү из калтырат", — деди "Россия сегодня" медиатобунун башкы директорунун орун басары, РФтин коопсуздук кеңешинин илимий-эксперттик кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Яковенко.
Анын айтымында, дүйнөлүк күч борборлору Батыштан Чыгышка жылууда. Бул көрүнүш объективдүү экономикалык өзгөрүүлөргө гана эмес, мурдагы форматтарды бетине кармаган АКШнын бир тараптуу саясатынан Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин чарчап бүткөнүнө байланыштуу.
Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, форумга алты миң кишинин катышуусу күтүлүүдө. Быйыл форумга 70ке чукул өлкөдөн 4500дөн ашык ЖМК өкүлдөрү келет дешти.
Ал эми 4-5-сентябрда форумга РФ президенти Владимир Путин катышмакчы.
Владивостоктогу "Улица Дальнего Востока" деп аталган аянт жана көргөзмө мындай ири масштабдагы иш-чарага даяр. Уюштуруучулар юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму кандай жерлерде өтөрүн жана ага көрүлгөн даярдык туурасында видео даярдашкан.
X Чыгыш экономикалык форуму 3-6-сентябрда Владивосток шаарында, Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. 2025-жылдагы форум "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деген ураандын алдында болмокчу.
Петербург форумунда 6,3 трлн. рублдик макулдашууларга кол коюлду