Өткөн жылы Талас облусун өнүктүрүү программасы даярдалып, аны ишке ашырууга жалпы 5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Эрмат Джумаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган программа облустагы бардык тармактарды камтыйт.
"2024-жылы Талас шаарын өнүктүрүү программасы даярдалган. Алгач 1 миллиард 50 миллион сом бөлүнгөн. Анда шаардын борбордук аянтын, ички көчөлөрүн асфальттоо жана 14 көчөдө жалпы узундугу 54 чакырым тротуар салуу каралган. Ошондой эле шаарды толук таза суу менен камсыздоо жүрүп жатат. Муну менен катар асфальт-бетон завод, темир-бетон завод, кум-шагыл майдалоочу завод, анан жаштар үчүн заманбап парк курулууда. Эң негизги долбоорлордун бирине токтоло кетсем, Кыргызстанда аналогу жок аллея салынып жатат. Ал жерде автоунаа жүрбөйт. Ошондой эле шаардын ичи жарыктандырылып, көзөмөл камералары коюлуп жатат. Талас облусун өнүктүрүү долбоору да даярдалып, колдоо тапты. Анын алкагында алгач 3 миллиард 165 миллион сом, кийин 1 миллиард сом бөлүндү. Ошондо жалпы Талас облусун өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашыгырак акча бөлүндү", — деди Джумаев.
Ошондой эле ал аталган долбоорлор 2025-2026-жылдары толук ишке ашырыларын кошумчалады.