БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өлкөгө Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келип конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.
"Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак республиканын ири шаарлары менен алыскы райондорун байланыштырган ыңгайлуу аймактык самолет болуп саналат", — деп белгиленген кабарда.
Ошондой эле авиакомпания өзүнүн учак паркын мындан ары да кеңейтип, жаңы эл аралык каттамдарды ачып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшырткан Airbus A320/A321 жана Boeing 737 учактарын алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кошумчаланды.