Кыргызстанда күйүүчү май сентябрдын соңуна чейин 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Сентябрдын соңуна чейин күйүүчү майдын баасы 3-4 сомго кымбаттай турганы болжолдонууда. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, буга дүң баанын көтөрүлүшү себеп болот. Мындан сырткары, майдын мүмкүн болгон тартыштыгы импортерлорду түпөйүл кылууда. Россиядагы мунай иштеткен бир нече завод оңдоп-түзөө үчүн жабылса, айрымдары дрон чабуулунан улам ишин токтоткон.
Министрлик 2030-жылга чейин электр энергиясына тариф канча кымбаттаарын айтты