БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектеги жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт кулап, 29 жаштагы адам жабыркады.
Өзгөчө кырдаал бүгүн Маликов көчөсүндөгү үйдө болгон. Лифттин тросу үзүлүп кеткени кабарланууда. Медиктердин маалыматы боюнча, жабырлануучунун бел жана көкүрөк омурткаларынын контузиясы аныкталган. Ал реанимацияда.
Белгилей кетсек, буга чейин Минтехнадзор Кыргызстандагы лифттерди жана аттракциондорду адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтиргендиктен кооптуу өндүрүш объектилеринин катарына кошууну сунуштаган.