"Катуу жаңылышты". Батыш Путиндин Кытайда жүргөнүнө түйшөлүп турат

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Батыш Россия менен Кытай лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин жакындап, алакалашып жаткандыгына маани бербей, оңбогондой ката кетирип жатат. Бул туурасында Британиянын Independent басылмасындагы материалда коңгуроо кагылгандыгын РИА Новости жазды.
"Батыш бул жумада Кытайда болуп жаткан окуяларды тоготпой, көңүл бурбай жатып ката кетирип коюшу мүмкүн... Ар кайсы жактан айтылып, делип жаткандарга кулак салуу керек. Алардын арасында төмөнкүлөр бар: Россия туурасында айтсак, Путинди дүйнөнүн көп бөлүгү колдоп, тосуп алууда, ал Тяньцзинде эл аралык салмактуу, үлкөн лидерлердин бири болду. Ал эми Кытай — Россия жаатында айтсак, Си менен Путин Пекиндеги парадга катышат, ал тургай бул жерде башкалар менен чогуу болот. Бул эксклюзивдүү биримдик эмес, бул экономикалык өз ара пайдага негизделген өнөктөштүк", — деп жазылган макалада.
Материалдын авторунун пикирине караганда, дүйнөнүн дээрлик жарымынын лидерлери катышкан ШКУнун саммитинде алар Батышка кылчактабай эле өзүнүн келечегин талкуулаганга даяр болуп калышкан.
Эске салсак, Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ саммитине жыйырмадан ашуун мамлекеттин башчылары жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
ШКУ эл аралык аренада таасирин арттырууда. Путин саммитте токтолгон маселелер