Алайда милиция кызматкерлери менен чырдашкан Кытайдын үч жараны кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Алайдын Нура айылында жайгашкан "Эркеч-Там" автоунаа токтотуучу жайында милиционерлер менен чырдашкан Кытайдын үч жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 31-август күнү ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, Күзөт кызматынын өкүлү асманга үч жолу ок чыгарган. Факт каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында алты чет өлкөлүк жаран күбө катары суралып, ал эми 30 жаштагы Л.Ж., 48 жаштагы Ч.Х жана 59 жаштагы Ч.С. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Бишкекте жабыркагандардын арызынын негизинде пластикалык хирург кармалды