3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрда республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 22…27, Чүйдө 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 29…34, Ысык-Көл жеринде 20…25, Нарын чөлкөмүндө 24…29 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 26…28, Ош шаарында 30…32 градуска жетет.
Өткүн өтөт. Күздүн алгачкы аптасына карата аба ырайы