Ичеги-карын ооруларынын көбөйүшү: туура эмес диагноздор жана хеликобактердин коркунучу

Sputnik
Учурда ичеги-карын жана ашказан оорулары менен кайрылган бейтаптар көп. Алардын себептери да ар кандай. "Ачык кеп" программасынын мейманы гастроэнтеролог Эрмек Тынай уулунун айтымында, учурда ар бир экинчи адамга УЗИден панкреатит диагнозу коюлуп жатат. Бирок бул туура эмес. Анткени панкреатит - бул оңой диагноз эмес. Анын белгилери өтө курч өтөт жана көп учурда операция менен коштолот. Мындан тышкары азыр ашказан жана он эки эли ичегинин ооруларынын дагы бир көп себеби - бул хеликобактер хилори бактериясы. Аны негизинен онкологиялык ооруларды чакыруучу катары айтыларын адис билдирди.