Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында кезектеги реформа башталганын жарыялады. Адылбек Касымалиев бул маселе өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, жеке ишкерлерди кайра каттоонун юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же иштин түрлөрүн өзгөртүүгө байланыштуу болгон бюрократиялык жол-жоболор ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда. Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул көйгөйдүн негизги себеби катары “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу арыздарды онлайн тапшыруу сервисинин жоктугу, ошондой эле салык органдары менен башка мамлекеттик органдардын ортосунда кол менен, кагаз жүзүндө маалыматтарды алмашуу болгондуктан, бул ишкерлердин мамлекеттик кызматтарга канааттануусунун төмөндөшүнө алып келет.
Сентябрдын соңуна чейин күйүүчү майдын баасы 3-4 сомго кымбаттай турганы болжолдонууда. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, буга дүң баанын көтөрүлүшү себеп болот. Мындан сырткары, майдын мүмкүн болгон тартыштыгы импортерлорду түпөйүл кылууда. Россиядагы мунай иштеткен бир нече завод оңдоп-түзөө үчүн жабылса, айрымдары дрон чабуулунан улам ишин токтоткон.
Батыш Россия менен Кытай лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин жакындап, алакалашып жаткандыгына маани бербей, оңбогондой ката кетирип жатат. Бул туурасында Британиянын Independent басылмасындагы материалда коңгуроо кагылгандыгын РИА Новости жазды.
Өлкөдө чакан жана орто ишкердик субъекттерине 76,57 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыя министрлер кабинети тарабынан бекитилген "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө" долбоорунун алкагында берилүүдө. Долбоор Кыргызстандын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында бекитилген. Аталган долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500 млн сом суммасын түзөт. Ошентип, 21-августка карата бул долбоордун алкагында 26 субъектке 76,57 млн сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.
Батыш Россия менен Кытай лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин жакындап, алакалашып жаткандыгына маани бербей, оңбогондой ката кетирип жатат. Бул туурасында Британиянын Independent басылмасындагы материалда коңгуроо кагылгандыгын РИА Новости жазды. Материалдын авторунун пикирине караганда, дүйнөнүн дээрлик жарымынын лидерлери катышкан ШКУнун саммитинде алар Батышка кылчактабай эле өзүнүн келечегин талкуулаганга даяр болуп калышкан.Эске салсак, Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ саммитине жыйырмадан ашуун мамлекеттин башчылары жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.