Садыр Жапаров Афганстанда болгон зилзаладан көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу афган элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 1-сентябрга караган түнү катталып, очогу Желалабад шаарына жакын жерде болгон. Анын кесепетинен кеминде 500 адам мерт болуп, 1000ден ашууну жаракат алганы айтылды. Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган. Бийлик куткаруу операциясын баштап, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жүздөгөн кишини мобилизациялады.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен "Айнекстан" компаниясы терезе конструкцияларын чыгаруучу жаңы өндүрүштү ишке берди. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.Аталган ишкана — 30-августта президент Садыр Жапаров ачкан 67 жаңы өнөр жай объектинин бири. Компанияга салынган жалпы инвестиция 10 миллион долларды түзүп, анын 6,4 миллион долларын РКӨФ бөлгөн. 10,5 миң чарчы метр аянттагы комплексте айнек жана терезе өндүрүшү жайгашкан. "Ишкана ачылгандан кийин 300дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлдү. Өндүрүш эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген сертификатка ээ", — деп айтылат маалыматта. Мында жылына 540 миң чарчы метр айнекпакет, 150 миң чарчы метр терезе конструкциясы жана 400 миң чарчы метр чыңалган айнек чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экени кошумчаланды.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер үчүн АСЕАН менен кызматташуу стратегиялык багыт болуп саналат. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Тяньцзинде өткөн "ШКУ плюс" иш-чарасынын алкагында билдирди.Ал Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын башкы катчысы Као Ким Хорн менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.Сагинтаев белгилегендей, ЕАЭБ мамлекеттери менен АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2018-жылга салыштырмалуу 21,8 пайызга өсүп, 27,2 миллиард долларга жетти. Бул кызматташтыктын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.Тараптар ошондой эле ЕЭК менен АСЕАНдын 2026-2030-жылдарга карата кызматташуу программасынын долбоорун талкуулашты.
Өлкөгө Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келип конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти."Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак республиканын ири шаарлары менен алыскы райондорун байланыштырган ыңгайлуу аймактык самолет болуп саналат", — деп белгиленген кабарда. Ошондой эле авиакомпания өзүнүн учак паркын мындан ары да кеңейтип, жаңы эл аралык каттамдарды ачып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшырткан Airbus A320/A321 жана Boeing 737 учактарын алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кошумчаланды.
2024-жылы Россияда окуш үчүн 389 миң чет элдик студент тандап алынган, ал эми быйыл алардын саны 410 миңге жетиши керек.Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье маалымат таратты.2030-жылга карата Россияда чет элден келген студенттердин саны 500 миңге чукулдап барары күтүлүүдө. Бул туурасында аталган жылга чейинки улуттук өнүгүү максаттарына жетүү боюнча бирдиктүү планда жана 2036-жылга чейинки келечектүү программада айтылган. Россия билим берүүнү экспорттогон ондуктагы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2024-жылдын жыйынтыгы менен алганда жетинчи орунду ээлеген.