Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер — кайра иштетүүгө кандай көңүл бурулат?

Sputnik
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча лидер аталды. 2024-жылы республикада өнөр жай өндүрүшү 5,5 пайызга өскөн. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5 пайызды түзөт. Кыргызстан акыркы жылдардагы өнөр жайдын өнүгүшү боюнча кандай иштерди жасап жатканын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өндүрүштүк анализдөө бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Карасартов айтып берди.