Жогорку Кеңештин имаратынын оңдоп-түзөөдөн кийинки көрүнүшү. Видео

Sputnik агенттигинин кабарчылары Жогорку Кеңештин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имаратын тартып келишти.
Sputnik
Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Эльмира Үсөнованын айтымында, имараттын фасады агартылып, жыйындар залы толугу менен жаңыртылды.
"Желдетүү системасы толук алмаштырылып, ар бир бөлмөдөгү кондиционерлер жаңыланды. Мунун натыйжасында имараттын тышкы көрүнүшү да жакшыра түштү. Жыйындар залындагы эмеректер жергиликтүү өндүрүштөн жасалган", — деди ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Эрнис Исаков техникалык жабдууларды кореялык компания гранттын негизинде орнотуп бергенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы система менен депутаттар 2026-жылдан тарта манжанын изи менен каттоодон өтүп, добуш берет. Ага чейин система сынамык режимде иштейт.