БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Билим күнүнө карат куттуктоосунда учурдун башкы максаты сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү экендигин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Биз билим берүү системасы мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын, билим берүүгө жумшалып жаткан инвестициялар өлкөнүн келечеги үчүн негизги салым экенин эң жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз – сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү", — деген Жапаров.
Ал азыркы маалда мугалимдердин ролу мурункудан да маанилүү, ошону менен бирге жоопкерчилиги да жогорулагандыгын белгилеген.
"Мугалимдердин талыкпаган эмгегине жана кажыбас кайратына терең ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров.
Ал билим берүү ыкмаларын жаңылоо, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү мамлекеттин артыкчылык берилген багытына айланганын белгилеген.
Эскертке кетсек, Кыргызстанда ушул тапта мектепте билим алып жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалап барат.